10
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Валерий Диль: «КР Өкмөтүнүн 2015-жылга Бирдиктүү иш-чаралар планынын долбоору кыска мөөнөттө бекитүүгө сунушталышы керек»
Бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Дилдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Улуттук туруктуу өнүгүү боюнча стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын негизиндеги КР Өкмөтүнүн 2015-жылга Бирдиктүү иш-чаралар планынын талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында КР Өкмөтүнүн алдына бир катар милдеттер коюлган. Тактап айтканда, улуттук экономиканы башкаруу тутумун жакшыртуу, Кыргызстан экономикасынын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү, өнөр-жайдагы бюджет уюштуруучу ири долбоорлорду ишке ашыруу, аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү жана ишкердүүлүккө тоскоолдуктарды ырааттуулук менен жоюу каралган.
Учурда Өкмөт тарабынан төмөнкүдөй пландар иштелип чыккан:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылга Иш-чаралар планы, анда Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүүгө өтүү жана Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын программасын ишке ашыруу боюнча чаралар камтылган;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы.
Жогоруда көрсөтүлгөн пландарды талкуулоо учурунда аларды КР Президентинин жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылга Бирдиктүү планы катары бириктирүү сунушу киргизилди.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр тарабынан министрлик жана ведомстволорго кыска мөөнөт аралыгында Иш-чаралар план долбооруна карата аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча өз сунуш-пикирлерин берүүнү тапшырды. Ошондой эле вице-премьер-министр өзгөчө көңүлдү аткаруучулук тартипке жана иштин сапатына бурду.
“Өкмөттүн 2015-жылга Иш-чаралар планынын долбоору жакынкы арадагы өкмөттүн жыйынында каралат. Убакыттын тардыгына байланыштуу бардык уюштуруу иштери үч иш күнүндө жыйынтыкталышы керек, ал эми КР Өкмөтүнүн 2015-жылга Бирдиктүү иш-чаралар планынын долбоору кыска мөөнөттө бекитүүгө сунушталышы керек», — деп белгиледи вице-премьер-министр Валерий Диль.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү