25
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Валерий Диль алкоголдук тармакты реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү
Бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль алкоголдук тармакты реформалоо боюнча иштиктүү топтун жыйынтыктоочу кеңешмесин өткөрдү.
Жолугушуунун негизги максаты өлкөдөгү алкоголдук тармакты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органды түзүүнү талкуулоо болуп эсептелет. Болжолдонуп жаткандай, ведомство Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин базасында түзүлүп, өз ишин мамлекеттик агенттик форматында жүргүзөт.
Кеңешменин жүрүшүндө алкоголдук тармактын укуктук жөнгө салуу көйгөйү, өндүрүлүп чыккан продукцияны мыйзамдаштыруу жана маркировкалоо, этил спиртин жүгүртүү жана импорттоо, ошондой эле күңүрт экономика көйгөйү маселелери каралды.
Ошондой эле кеңешменин катышуучулары түзүлө турган мамлекеттик органга тапшырылчу функционалдык милдеттер диапазонун талкуулады. Валерий Дилдин пикиринде, ведомствого этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча кеңири мүмкүндүктөр жүктөлөт.
“Бүгүнкү күнгө карата биздин алдыбызда эки негизги милдет: мамлекеттик органды түзүү жана ага көзөмөлдөө функцияларын берүү милдети турат. Кийинки кадам катары заманбап технологияларды жана электрондук жаңылыктарды тартуу аркылуу иштеп жаткан тутумду кайрадан карап чыгуу эсептелет. Ведомство бул милдеттерди түздөн-түз ишке ашырат», – деп белгиледи вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү