29
Октябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль алкоголдук продукция тутумун реформалоо боюнча жыйын өткөрдү
Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль алкоголдук жана спирт өндүрүшүн жана алкоголдук продукцияны сатуу тутумун реформалоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйын жүрүшүндө алкоголдук продукция өндүрүүчүлөрдүн бөлүгүн көмүскөдөн чыгаруу көйгөйү, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен алкоголдук товар рыногун мамлекеттик жөнгө салуу механизмдери талкууланды.
Жыйын катышуучулары вице-премьер-министрге тармактын көйгөйлүү маселелери, өндүрүүчүлөр эмне себептер боюнча мыйзамсыз иш алып арууга муктаж болуп жаткандыктары тууралуу айтып беришти.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Валерий Диль Мамлекеттик салык кызматы жана Айыл чарба жана мелиорация министрлиги алдына уюштурулган түзүмдү негиздөө тууралуу маселени кароо милдетин койду, ал өзүнө өндүрүштү жана алкоголдук продукцияны сатууну көзөмөлдөө, спирт жана курамында спирт продукциясы болгон продукцияларды көзөмөлдөө тутумун киргизүү функциясын алышы тийиш.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү