02
Октябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль энергиянын жаңыланып турган булактарын өнүктүрүү келечеги жана учурдагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Бүгүн, 1-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль энергиянын жаңыланып турган булактарын өнүктүрүү келечеги жана учурдагы абал боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын энергиянын жаңыланып турган булактарын пайдалануу көйгөйлөрү борборунун директору Алайбек Обозов жана «Калинин ГЭСи» ЖЧК аткаруучу директору Элеонора Казакова катышты.
Жыйын жүрүшүндө өлкөнүн энергетикалык тармагындагы учурдагы абал, энергиянын жаңыланып турган булактары жаатындагы иштеп чыгуулар, тарифтик саясат, өнөр-жайда жана турмуш-тиричилик секторунда энергиянын жаңыланып турган булактарын иштетүүнү активдештирүүгө болгон тоскоолдуктар маселеси талкууланды.
“Электр энергиясына карата кескин тартыштык орун алган шартта аталган багыттагы адистерди тартуу менен энергиянын жаңыланып турган булактары боюнча иштеп чыгууларды пайдалануу боюнча кадамдык аракеттер планын иштеп чыгуу жана аны өнүктүрүү, аталган секторго инвесторлорду тартуу үчүн нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу максатында иштиктүү топ түзүү зарыл», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү