02
Октябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү
Бүгүн, 1-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйын учурунда жер тилкесин бөлүүнүн жүрүшү, медициналык жана өрткө каршы пункттарды уюштуруу, кыргыз тараптын милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды.
Ошондой эле “Жогорку Нарын ГЭС” ЖАК дирекциясынан Игорь Горбенко баяндамасы жасалып, тийиштүү министрлик жана ведомстволордун, “Электр станциялары” ААК жетекчилеринин долбоордун учурдагы абалы тууралуу маалыматтары угулду.
Жыйын соңунда вице-премьер-министр долбоорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жетишсиз ишин белгиледи.
“Бул обьект – абдан олуттуу жана татаал. Эгемендүүлүк жылдары биз Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамынын алкагында мындай обьектилерди кура элекпиз. Мамлекеттик органдардын ведомство аралык иштери долбоорлоо жана курулуш иштеринин алдында жүрүүсү зарыл жана биз ишти аткаруу графигинен артта калбашыбыз тийиш», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Долбоорду өз убактысында ишке ашыруу максатында вице-премьер-министр тарабынан Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоорун ишке ашыруу алкагында кыргыз тарап өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруусу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү