21
Январь
2015
Вице-премьер-министр Валерий Диль Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Батыр Ниязалиев менен жолугушту 20 Январь, 2015
Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Батыр Ниязалиев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы мамилелердин абалы жана келечеги боюнча, ошондой эле экономика, соода, маданий алмашуу жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган кадамдар тууралуу пикир алышуу жүрдү.
Тактап айтканда, кеп кыргыз-түркмөн өкмөт аралык комиссиясын жана Кыргызстанда Түркмөнстан Маданият күндөрүн өткөрүүгө даярдык көрүү тууралуу жүрдү.
“Кыргызстан жана Түркмөнстан Президенттеринин 2014-жылы орун алган жолугушуусу эки өлкө ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө дем берди. Бул тууралуу 2014-жылы биз Кыргызстан жана Түркмөнстан ортосундагы кызматташуунун жанданышына күбө болгондугубуз мисал болуп берет. Бизде соода жүгүртүү эки эсеге жогорулагандыгы байкалган. Эгерде биз энергетика жана жеңил өнөр-жайы тармагында иштеп баштасак, кызматташуунун масштабдуу деңгээлине көтөрүлө алабыз», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө Валерий Диль Бишкек жана Ашхабад ортосундагы түз авиакаттамды ачуу зарылдыгын белгиледи, өз кезегинде ал бардык багыттар боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташуунун ырааттуу өнүгүшүнө шарт түзөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү