21
Январь
2015
Вице-премьер-министр Валерий Диль Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срэга менен жолугушту
Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Срэга менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле GIZ (Эл аралык кызматташуу боюнча герман коому) аймактык директору Хольгер Нойвеген, KfW (Герман өнүктүрүү банкы) аймактык директору Томас Леман катышты. «Германия Кыргызстан үчүн маанилүү эсептелген донор-мамлекеттердин катарында турат, ал биздин өлкөдө финансылык жана техникалык кызматташуу линиясы боюнча бир катар конкреттүү социалдык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи вице-премьер-министр. Вице-премьер-министр маалымдагандай, азыркы учурга карата Кыргыз-Немец жогорку техникалык мектебин негиздөөнүн концепция долбоору жана 2015-2017-жылдарга Кыргызстандын кичи энергетикасын өнүктүрүү концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан. Өз кезегинде Гудрун Срэга активдүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоорлор алар толукталып иштелип чыккан соң тыкыр каралып чыгаарын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле билим берүү, энергетика жана финансы жаатындагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоо маселеси талкууланды. Мындан тышкары, вице-премьер-министр Валерий Дилдин 2014-жылкы Германияга болгон иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдерди ишке ашырылышы каралды. [su_carousel source="media: 49181,49182,49183,49184,49185" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү