25

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль Бавария жергесинин Федерация жана өзгөчө тапшырмалары боюнча мамлекеттик министри Марсель Хубер менен жолугушту

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бавария жергесинин Федерация жана өзгөчө тапшырмалары боюнча мамлекеттик министри Марсель Хубер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кесиптик-техникалык билим берүү тутуму, саламаттык сактоо тармагындагы жана социалдык-гуманитардык жааттагы кызматташуу маселесин талкуулады.

Өз кезегинде Марсель Хубер белгилегендей, Кыргыз Республикасы жана Бавария Федералдык жергеси ортосундагы саясый, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жааттагы кызматташууну өнүктүрүү маанилүү эсептелет.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү