19
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль ГФР Элчиси Гудрун Срэга менен жолугушту
Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын Ыйгарым жана Толук укуктуу элчиси Гудрун Срэга менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги, вице-премьер-министр Валерий Дилдин алдыдагы Германияга жасай турган иштиктүү сапарына карата даярдыктын жүрүшү талкууланды.
Иш сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүгүү федералдык министри Г. Мюллер менен жолугушат, анда экономика тармагындагы жетекчилердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу программасы талкууланат.
Ошондой эле вице-премьер-министр Валерий Диль немец саясатчылары жана ишкерлери менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн эске алуу менен өндүрүштүк, товардык-сырьелук жана сатуу багыттары боюнча кызматташуусу, немец ишкер чөйрөсү тараптан Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу маселелерин талкууламакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү