18

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль ЕККУ Кыргызстандагы борборунун башчысы менен жолугушту

Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмунун (ЕККУ) Кыргыз Республикасындагы борборунун башчысы Сергей Капинос менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Жөнгө салуунун тутумдуу талдоосу” жөнгө салуу реформасы боюнча долбоорду ишке ашыруунун жолдору талкууланды, анда Жөнгө салуу реформасы боюнча кеңешти уюштуруу жагы каралууда.

Валерий Диль белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган долбоорду ишке ашырууга кызыкдар.

“Кеңештин негизги милдети катары негизсиз жана рынок экономикасына багытталбаган нормативдик-укуктук актыларды жоюу боюнча сунуштарды кабыл алуу, же четке кагуу болуп саналат. Бул биз үчүн өтө маанилүү, анткени бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу – Өкмөттүн ишиндеги негизги багыттардын бири», — деди вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Сергей Капинос билдиргендей, долбоорду ишке ашырууда, “гильоттина принцибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын ишкердүүлүк жаатындагы мыйзамдарды тутумдаштырууга, кайрадан карап чыгууга жана жакшыртууга багытталган жөнгө салуу тутумун кайрадан жапырт карап чыгуу өткөрүлөт.

«Долбоор ишкерлерге тийиштүү бардык НУА инвентаризациялоого жана талдоого, андагы жоболорду алып таштоого жана жакшыртууга багытталган (учурдагы 25 миң нормативдик-укуктук актылардын 15 миңи ишкердүүлүккө байланыштуу). Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы өлкөдөгү ишкердүүлүк активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн оңдуу шарт түзөт», — деди ЕККУ борборунун жетекчиси.

Белгилесек, долбоорду ишке ашырууда бардык мамлекеттик органдар тартылып, алар ишкердүүлүктү жөнгө салуу боюнча НУА инвентаризациялоону жүргүзүүсү керек, ал эми бизнес-чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусу консультативдик процесс алкагында каралууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү