25

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Бүгүн, 25-октябрда, Түркмөнстан Республикасында иштиктүү сапар менен жүргөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушууну ачууда Валерий Диль Түркмөнстан Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнө 23 жыл толушуна байланыштуу куттуктоосун тапшырды.

Андан соң тараптар эки өлкөнүн соода, экономика жана маданият жаатындагы кызматташуу абалы жана келечеги тууралуу талкуулады. Өзгөчө көңүл энергетика маселесине бурулду.

Түркмөнстан башчысы эки өлкө өкмөттөрү аралык өз-ара конструктивдүү аракеттешүүнүн орнотулушун жана өлкөлөр аралык соода өнүктүрүү темпин өстүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Валерий Диль белгилегендей, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссияны түзүү зарылдыгы бышып жетилди. Белгилесек, аталган механизм эки тараптуу байланышты ырааттуу өнүктүрүү үчүн ар-кыл деңгээлде зарыл болгон өз-ара аракеттешүүнү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстанга жасай турган расмий иш сапарынын негизги аспектилерин талкуулады.

Иш сапары алкагында вице-премьер-министр Валерий Диль ошондой эле өз кесиптештери – Түркмөнстан Республикасынын министрлер кабинетинин төрага орун басарлары Р.Мередов, Б.Ходжамухаммедов жана М.Артыковдор менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү