20
Май
2015
Вице-премьер-министр Валерий Диль SES Немец экономика фондунун Борбор Азиядагы долбоорлорунун жетекчиси Юлия Шольтс менен жолугушту
Бүгүн, 19-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль SES Немец экономика фондунун эл аралык кызматташуу боюнча Улук эксперттер кызматынын Борбор Азиядагы долбоорлорунун жетекчиси Юлия Шольтс менен жолугушту.
Юлия Шольтстун айтымында, Кыргызстанда Senior Experten Service кызматы 1993-жылдан тарта иш алып барууда, көрсөтүлгөн мезгилде 200 ашуун долбоор ишке ашырылган.
«SES эксперттери кыргыз ишкерлерине техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн басып өтүүгө, тактап айтканда, продукция, менеджмент, маркетинг, персоналы жетектөө жана өндүрүштүк процесстерди жакшыртуу сапатын жакшыртуу жаатында көмөк көрсөтүүдө. Ошондой эле бардык долбоорлордун негизги компоненттеринин бири катары окутуу, жергиликтүү адистердин жана жетекчилик звенонун кесипкөйлүгүн жогорулатуу саналат», — деп маалымдады вице-премьер-министрге Юлия Шольтс.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль Немец экономика фондунун эл аралык кызматташуу боюнча Улук эксперттер кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө Кыргызстандын ишкер чөйрө өкүлдөрү үчүн кеңири бетачар тартуулоону сунуштады. Алсак, Немец экономикасы күндөрүнүн алкагында бетачар 21-майда Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды тартуу боюнча агенттикте, Соода өнөр-жай палатасында жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде өтөт.
Маалымдама: Эл аралык кызматташуу боюнча Немец экономика фонду алдыңкы герман коомдук уюму болуп саналат, анда пенсия курагындагы адистер жана жетекчи кызматкерлер акысыз иш алып барат. Бүгүнкү күндө SESте экономиканын 50 тармагы боюнча 12 миңден ашуун эксперт бар.
Кыргыз Республикасында Улук эксперттер кызматы көбүнэсе орто жана кичи ишканаларды, ошондой эле билим берүү жана социалдык мекемелерди колдоого алат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү