28
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль ГФР Бундестагындагы Борборазиялык топ жетекчиси Манфред Грунд менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Германия Федеративдик Республикасына жасаган иштиктүү сапарынын алкагында ГФР Бундестагындагы Борборазиялык топ жетекчиси Манфред Грунд менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Валерий Диль белгилегендей, Германияда парламенттик башкаруунун натыйжалуу жана туруктуу формасы орун алган жана бул багытта Кыргызстандын кыргыз-герман парламент аралык кызматташуусунун кеңейишине кызыкдарлыгын билдирди.
Өз кезегинде Манфред Грунд белгилегендей, Кыргызстан Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик өлкө болуп эсептелет жана германдык тараптын парламент аралык жигердүү кызматташууга, ошондой эле келечекте колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Бул максатта тараптар парламент аралык кызматташуу алкагында сапар алмашуу үчүн мүмкүндүктөрдү талкуулады.
Манфред Грунд маалымдагандай, 2015-жылдын жайында Бундестагдагы топ мүчөлөрү менен республикага иш сапары менен келүүгө ниеттенгендигин билдирди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш депутаттарын ошол эле жылы Германияга ушундай сапар жасоого чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү