27
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль Германия Федералдык өкмөтүнүн көчүп келгендер жана улуттук азчылык иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Хартмут Кошик менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль өз иш сапарынын алкагында Германия Федералдык өкмөтүнүн көчүп келгендер жана улуттук азчылык иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Германия Бундестагынын депутаты жана германдык тараптын Кыргызстандагы немистер иши боюнча кыргыз-герман өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы Хартмут Кошик менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Бишкекте болуп өткөн Кыргызстандагы немистер иши боюнча кыргыз-герман өкмөт аралык комиссиясынын акыркы жыйынында көтөрүлгөн маселелерди талкуулады.
Валерий Диль немис тарапка ал жыйында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
“Комиссиянын Бишкектеги IX жыйынында биздин өлкөнүн өкмөттөрү Кыргыз республикасындагы немис улутундагы жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча мындан ары карай дагы өз-ара аракеттешүүлөрүн уланта тургандыгын белгилешкен, ал жарандык коомчулук ортосундагы маанилүү байланыштыргыч звено болуп саналат. Ошондой эле өлкөлөр аралык социалдык-экономикалык тармактагы жана маданият, билим берүү, жаштар жана студенттер аралык тажрыйба алмашуу жаатындагы байланыштарды тереңдетүү багытындагы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Бул багытта Бишкекте ”Кыргызстан тарыхындагы немистердин орду” аттуу көргөзмөсү болуп өткөн. ГФР үчүн маанилүү майрам күнү – Германиянын бириккен күнү Бишкекте жогоруда аталган көргөзмөнүн ачылышы болуп өткөн, эгерде бул көргөзмө Кыргызстанда ийгиликке жетишсе, анда келечекте анын Германия жергесинде да өткөрүүгө ниеттенүүдөбүз», —деди Валерий Диль.
Баарлашуунун жүрүшүндө германдык тарап ушундай эле көргөзмөнү 2015-жылы Германияда өткөрүүнү колдоого алаары тууралуу чечимди билдирди.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Валерий Диль Германия өкмөтүнө Кыргыз Республикасын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү