28

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль ГФР Бундестагынын Вице-президенти Йоханнес Зингхаммер менен жолугушту

Германия Федеративдик Республикасына болгон иш сапарынын алкагында вице-премьер-министр Валерий Диль ГФР Бундестагынын Вице-президенти Йоханнес Зингхаммер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз-ара кызыкчылык туудурган жана келечекте өнүгүү мүмкүндүгүнө ээ болгон кыргыз-герман кызматташуу маселелери талкууланды.

«Биз акыркы жылдары Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгына байкоо салуудабыз. Белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан парламенттик демократия жолу боюнча ишенимдүү кадам таштоодо»,- деп белгиледи Йоханесс Зингхаммер.

Белгилесек, жолугушууга Бундестагдын башка бир катар депутаттары да катышкан, алар менен биргеликте аймактык жана эл аралык көйгөйлөрдүн актуалдуу маселелери боюнча жигердүү пикир алмашуу жүрдү.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча депутаттар Кыргызстанды мындан ары карай дагы кызматташуунун бардык тармактары боюнча колдоого алууга жана кыргыз-герман парламент аралык кызматташуусун чыңдоого даярдыгын билдирди.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү