22

Июнь

2019

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров үстүбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдашты. Мындан тышкары социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берилди.

Вице-премьер-министр ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча райондук салык кызматтарынын башчыларынын маалыматын укту.

«Белгилүү болгондой, кирешелердин көп бөлүгүн Бишкек шаары камсыз кылат. Мурда Чүй облусунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү да жакшы болгон. Бирок 5 айдын жыйынтыгы боюнча бир катар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөгөн. Буга байланыштуу коюлган максаттарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу , актуалдуу маселелерди чечүү, анын ичинде инвестицияларды тартуу, жаңы ишканаларды ачуу жана көйгөйлүү ишканалардын жагдайын жөндөө боюнча иштерди күчөтүү зарыл», - деди ал.

Замирбек Аскаров эске салгандай, райондордун акимдери, райондук салык башкармалыктарынын башчылары алардын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартышат.

«Ошол эле учурда биз дисциплинардык мүнөздөгү чаралар менен гана токтолбойбуз, ээлеген кызматынан бошотуулар болот. Ар бир кызматкер өз участогу жана өз милдеттерин сапаттуу аткаруу үчүн жооп берүүгө тийиш», - деди ал.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү