14
Ноябрь
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Өкмөт аймактарды өнүктүрүүдөгү туризмдин ролун ырааттуу түрдө күчтөндүрүүдө
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин көчмө жыйынына катышты.
Кеңештин кезектеги жыйыны республикадагы туристтик тармакты өнүктүрүү темасына арналды.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасына ылайык, ар бир облуста кластерлерди, анын ичинде туризм тармагы боюнча кластерди түзүү каралган.
«Өкмөт тарабынан туризм тармагында саясатты иштеп чыгууга жооптуу ыйгарым укуктуу ведомствонун статусун жогорулатуу, атамекендик туристтик продукцияларды эл аралык стандарттарга дал келтирүүгө багытталган шарттарды түзүү маселеси каралууда. Белгилей кетсек, «Кластерлер жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алуунун объективдүү зарылдыгын тажрыйба көрсөттү», - деди вице-премьер-министр.
Мындан тышкары Замирбек Аскаров билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү парламент депутаты Дастан Бекешовдун тизмени 45тен калктын жан башына киреше деңгээли жогору 55 өлкөгө кеңейтүү менен визасыз режим мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу тууралуу мыйзам долбооруна оң бүтүм чыгарды.
«Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине «Ачык асман» режимин бир тараптуу киргизүү каралган мыйзам долбоорун жөнөттү», - деп билдирди Замирбек Аскаров.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 125723,125724" link="attachment" title="no"][/su_carousel]