23

Ноябрь

2018

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо жетекчилердин жеке жоопкерчилигин талап кылат

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында республиканын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана каттоо боюнча учурдагы жыйынтыгы маселеси боюнча кезектеги кеңешме өттү.

Замирбек Аскаров белгилегендей, бир катар мамлекеттик жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI «Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана каттоо жөнүндө» токтомун аткарышпайт.

«Эки жылда бийлик органдарынын жетекчилери алмашты, ал эми инвентаризациялоо маселеси ошол бойдон орунда турат. Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү инветаризациялоону жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик киргизилүүдө», - деп билдирди вице-премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 2018-жылдын 7-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруу деңгээлин аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2018-жылдын 12-декабрында кезектеги жыйында кароого жөнөтүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 126144" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү