08
Июнь
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ош облусунда жумуш сапары менен жүрөт
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров эки күндүк жумуш сапары менен Ош облусунда жүрөт.
Сапардын биринчи күнүндө вице-премьер-министр быйылкы жылы Ош шаарында ачылган аялдар жана эркектер кийимин тигүүчү «Кыргыз Текстиль ЛТД» фабрикасынын курулушу менен таанышты.
Андан соң ал 2010-жылы өрттөнүп кеткен Ош жашылча-жемиш комбинатына барды. Мурда ишкана жашылча жана жемиш консерваларын чыгарчу.
Мындан тышкары Замирбек Аскаров Араван районунун Чек-Абад айылындагы «Долгое будущее» ЖЧК жашылча комбинатынын ачылышына катышты. Комбинат Кытай Эл Республикасына жергиликтүү гилас жемишин экспорттойт.
Вице-премьер-министр ошондой эле «Насос завод-5» ЖЧК ишканасынын иши менен таанышты, анын кубаттуулугу жылына 45 млн сом суммасына 1 000 электр насосун түзөт.
Азыркы тапта анда 70тей адам иштейт. Ишкананы өнүктүрүү үчүн 1 млн 560 миң АКШ доллары өлчөмүндө кошумча инвестиция зарыл. Инвесторлордун салымы 440 миң АКШ долларын түзөт.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ош жашылча-жемиш комбинатына жана «Насос завод-5» насос заводуна кыйла натыйжалуу иштөө үчүн финансы каражаттарын бөлүштүрүүгө аракеттешет.
«Бул ишканалар өнүгүү үчүн финансы каражаттарына муктаж. Бул максатта алар деталдуу бизнес-план иштеп чыгып, аны Өкмөткө сунуштоосу керек. Бул сунуштарды карап чыгып, алардын ишин каржылоого аракеттешебиз», - деди Замирбек Аскаров.
Белгилей кетсек, ишкана мунайзат бургулоо скважиналарынын жабдуулары үчүн тетиктерди чыгарат. «Ошэлектр» ААК менен келишимдин алкагында ишкана траверстерди, муфталарды жана ар түрдүү модификациядагы электр шкафтарын өндүрөт.
[su_carousel source="media: 133953,133950,133952,133951" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү