26
Октябрь
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров WETEX-2018 көргөзмөсүнө барды
Бүткүл дүйнөлүк жашыл экономика саммитине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) сууну иштетүү технологиялары, энергетикалык технологиялар жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча WETEX-2018 көргөзмөсүнө барды.
Замирбек Аскаров продуктулар жана тейлөө кызматтары, ошондой эле суу менен камсыздоо, энергетика жана айлана чөйрөнү коргоо тармактарындагы алдынкы ыкмалар менен таанышты.
Саммиттин алкагында вице-премьер-министр Дубай шаарынын Электр жана суу менен камсыздоо департаментинин башкаруучу директору Саид Мухамед Аль Тайэр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуу учурунда тараптар Water Aid программасын ишке ашырууну талкуулашты, буга чейин анын алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарынын эки айылын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор тандалган.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууга жана ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо тармагында келечектүү жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.
Көргөзмөсү WETEX-2018 Дубай шаарынын Электр жана суу менен камсыздоо департаменти тарабынан өткөрүлүүдө жана 1999-жылдан тарта жыл сайын уюштурулат. Белгилей кетсек, бул көргөзмө мамлекеттик жана жеке сектор үчүн келишимдерди түзүүнүн жана өнөктөштүк мамилелерди негиздөөнүн маанилүү платформасы болуп саналат.
[su_carousel source="media: 125074,125075,125076,125077,125078" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү