21

Март

2017

Вице-премьер-министр Ж.Разаков: Нооруз майрамы адамдарды аруулукка, тазалыкка, ынтымак-ырашкерликке үндөйт

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 21-мартта, Талас облусунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Алгач вице-премьер-министр Жеңиш Разаков облус жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, “Манас-Ордо” комплексинде даярдалган сүмөлөктөн даам сызды. Андан соң обустун борбордук аянтында уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусунун тургундарын элибиздин эң куттуу жана ыйык майрамдарынын бири Нооруз майрамы менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан куттуктады.

Жеңиш Разаков Нооруз башка майрамдардан өзүнүн өзгөчөлөнгөн касиеттери, адамдарды аруулукка, тазалыкка, ынтымак-ырашкерликке үндөй турганын баса белгидеди. Нооруз менен кошо жергебизде айлана чөйрөбүздү тазалоо, айыл кыштактарыбызды жашылдандыруу, көчөлөлөрүбүздү көрктөндүрүү иштери башталарын билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүү, социалдык жана башка тармактардагы абалды сапаттуу жакшыртуу боюнча чоң аракеттер көрүлүп жатат. Талас облусунун аймагында дагы улуттук деңгээлдеги ири долбоорлор ишке ашырылып, Талас – Тараз – Суусамыр автожолдун курулушу улантылып жатканын эске салды.

Куттуктоо сөзүндө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кирип келген жаңы жыл Нооруз майрамында элге токчулук, тынчтык жана мамлекетибизге өсүп-өнүгүү каалады. Майрамдык иш чара концерттик программа жана улуттук оюндар менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү