26
Май
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Акыркы 3 жылда Бишкек, Ош, Баткен шаарларында 700 аскер кызматкерлерине турак жай берилди
Акыркы 3 жылда Бишкек, Ош, Баткен шаарларында күч органдарынын кызматкерлери үчүн жалпы суммасы 3,5 млрд сомдук 1500 батир курулса, анын 700 аскер кызматкерлерине берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 73809- аскердик бөлүктүн «Ала-Тоо» окуу борборундагы казарманын ачылышында билдирди.
Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн окуу борборлорунун имараттары советтик мезгилде курулуп, дээрлик баары оңдоого муктаж экенин кошумчалады.
«Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, куралдуу күч тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, конкреттүү натыйжалар көрүнө баштады. Мамлекет тарабынан мындан ары да республикалык бюджеттен аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо максатында күч блогунун бардык органдары каржыланат. Акыркы 4 жылда өлкөнүн бардык аймагында аскер шаарчалары курулуп, эксплуатацияга берилди»,-деди вице-премьер-министр.
Жалпы аянты 1200 квадрат метрди ээлеген 120 орундук аскердик казарманын курулушу 2016-жылдын май айында башталаган. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 35 млн сом каражат сарпталды. Имарат заманбап үлгүдө салынып, ашкана, жатакана, машыгуучу залдар жана кызматкерлердин ден-соолугуна кам көрүүчү бөлүмдөр менен жабдылган.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков казарманын ички шарттары менен таанышып чыгып, аскер кызматкерлерине өз милдеттерин аткарууда ийгилик каалап, мамлекеттик бүтүндүгү жана анын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
[su_carousel source="media: 95688,95689,95690,95691,95692" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү