31

Октябрь

2018

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чүй облусунун укук коргоо органдарынын ККЭК жана КЖБР киргизүүгө даярдыгын текшерди

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри  Жеңиш Разаков Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында ички иштер органдарынын жана финансы полициясынын Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүгө даярдыгын текшерди. Анын ичинде Жеңиш Разаков Чүй облустук ИИББ, ЭККМК райондор аралык бөлүмүнө, ошондой эле Аламүдүн, Ысык-Ата,Чүй, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын ички иштер органдарына барды. Аймактык түзүмдөрдү кыдыруунун жүрүшүндө Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат угулду. Вице-премьер-министр Чүй облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери менен Кылмыштарды каттоонун электрондук китебинин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин программалык камсыздоосун киргизүүгө, укук коргоо органдарын зарыл жабдуулар менен камсыздоого, корголгон байланыш каналдарын уюштуруу, ошондой эле адистерди даярдоо жана окутууга байланыштуу маселелер талкууланды. Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин жаңы ченемдерин жана жоболорун билүү жаатында жеке маектешти. Белгилей кетсек, учурда укук коргоо органдарынын базасында Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин программалык камсыздоонун апробациясы өтүүдө. Ошол эле учурда кылмыштарды каттоонун электрондук китеби Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү үчүн алгачкы кадам болуп саналат, аны түзүү зарылдыгы Жазык-процессуалдык кодексинин жаңы ченемдери менен шартталган. Баса белгилей кетүүчү нерсе, жаңы жазык мыйзамында кылмыш ишин козгоо институту жоюлуп – сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизген учурдан тарта башталат. Көрсөтүлгөн новелла алды менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого багытталган, себеби арыз катталган учурдан тарта укук коргоо органдарынын аракеттери Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарын сактоо менен ишке ашырылууга тийиш, ал эми процесстин ар бир катышуучусу сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарында жактоочунун кызматтарын пайдалана алышат. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тесттик режимде быйылкы жылдын декабрында ишке кирүүсү күтүлүүдө. Ошону менен бирге бүгүнкү күнү Өкмөт тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү үчүн Башкы прокуратурага 102 млн сомдон ашуун, ИИМге 20,5 млн сомдон ашуун, МЖАКга 30 млн сомдон жана ЭККМК 18,7 млн сомдон ашык бөлүнгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чүй облусунун укук коргоо органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү  боюнча даярдоо чараларын өз убагында ишке ашырууну жана 2019-жылдын 1-январынан тарта анын толук кандуу ишке ашырылуусун камсыздоону тапшырды. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине укук коргоо органдарынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүндө корголгон байланыш каналдарынын, ошондой эле локалдык түйүндөрдүн болушун текшерүү тапшырылды. Мындан тышкары укук коргоо органдарынын жетекчилерине өздүк курамдардын арасында окутуу иш-чараларын күчтөндүрүү тапшырылды. [su_carousel source="media: 125246,125247,125248,125249,125250" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү