19
Октябрь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чехиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Элишка Жигова менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Элишка Жигова менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-чех эки жактуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
«Үстүбүздөгү жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгын белгилейбиз. Өз ара кызыкчылыктардын бардык тармактарында кызматташууну келечектүү бекемдөө потенциалы зор», - деди Жеңиш Разаков.
Ошондой эле Жеңиш Разаков белгилегендей, саясий диалогдун активдешүүсү эки өлкөнүн тышкы экономикалык өз ара алакаларына дагы таасирин тийгизет.
Андан соң тараптар болуп өткөн кыргыз-чех бизнес-форумун талкуулашты. Элчи Элишка Жигова бул иш-чаранын ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгиледи.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баса белгилегендей, мындай иш-чаралар эки жактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү үчүн ыңгайлуу аянтча болуп саналат.
[su_carousel source="media: 124629,124630,124631,124632,124633" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү