16
Июнь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 15-июнда Челябинск шаарында (Россия Федерациясы) Жетинчи Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясына катышуу алкагында Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский менен жолугушту.
Вице-премьер-министр белгилегендей, аймак аралык кызматташтык кыргыз-россия мамилелеринин ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат, ал эми алардын кеңейиши өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизет.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстандын облустары жана Россиянын субъектилери ортосундагы диалогду чыңдоого, өз-ара аракеттешүүнүн бардык актуалдуу багыттары боюнча өнөктөштүк деңгээлин жогорулатууга чоң маани берет жана биргелешкен иштин келечектерин активдүү талкуулоого даяр», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.
Ал Челябинск облусу менен кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгын, ведомство жана аймак аралык түз байланыштар жайгарылгандыгын жана эки тараптуу товар жүгүртүү көлөмү өсүп жатандыгын канагаттануу менен белгиледи.
Вице-премьер-министр ошондой эле Кыргызстанда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялангандыгына байланыштуу кыргыз тарап Россия аймактары менен кызматташтыкты мындан ары карай активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Буга катар Жеңиш Разаков Өкмөт тарабынан өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Кыргызстан Россия аймактарынын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясына, коргонуу өнөр жайы үчүн куроочу материалдарга, пайдалуу кендерге карата муктаждыгын канагаттандырууга даяр экендигин белгиледи.
[su_carousel source="media: 118724,118725" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү