16

Июнь

2018

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Челябинск шаарында кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 15-июнда Челябинск шаарында Жетинчи Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясына катышуу алкагында Урал федералдык  округунун аймагында жашаган кыргыз диаспоралык коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү жана мекендештер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр суроолорго жооп берип, ошондой эле Өкмөттүн миграциялык саясат жаатындагы, анын ичинде атамекендик эмгек мигранттарынын чет жерде жүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган иши тууралуу айтып берди. Жолугушуунун соңунда Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине жана тийиштүү мамлекеттик органдарга жолугушуунун жүрүшүндө айтылган маселелер боюнча белгилүү тапшырмалар берилди. [su_carousel source="media: 118740,118741" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү