16
Май
2017
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга курулуш материалдарын убагында жеткирүү иштерин тездетүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 15-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын протоколдук тапшырмаларды аткаруусу тууралуу жыйын өткөрдү.
Жеңиш Разаков өзгөчө кырдаалдардагы окуялардын кесепеттерин жоюунун жана мамлекеттик органдардын бул багытта иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Вице-премьер-министр Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарына курулуш материалдарын убагында жеткирүү иштерин тездетүүнү тапшырды.
Жеңиш Разаков ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш чаралардын маанилүүлүгүн да кошумчалады.
«Эрте эскертүү ишинен тышкары, туруктуу негизде, анын ичинде турак-жайлардын курулушуна сейсмикалык табигый кырсыктардын учурунда жүрүм-турум эрежелерин жана бардык тиешелүү стандарттарды сактоо зарылдыгы тууралуу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл», - деди Жеңиш Разаков.
Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга социалдык жана билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана турак жайларын өрттөн жана табият кырсыктарынан камсыздандыруу үчүн турак үйлөрдүн документтерин калыбына келтирүү мүмкүндүктөрүн кароону тапшырды.
[su_carousel source="media: 94786,94787,94788" limit="60" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү