22
Октябрь
2018
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Ереван шаарында (Армения Республикасы) «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты.
«Евразия жумалыгы 2018» эл аралык форумунун алкагында Жеңиш Разаков Евразия жумалыгынын жалпы жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкмөтүнүн өкүлдөрү, бизнесмендер, саясатчылар жана эксперттер Биримдиктин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн интеграцияны тереңдетүү, ЕАЭБди өнөр-жай жаатында өнүктүрүүнүн келечеги маселеси жана ага тоскоолдук келтирип жаткан факторлор талкууланды.
Өз кайрылуусунда вице-премьер-министр белгилегендей, «Евразия жумалыгынын өткөрүлгөн форумдарынын жыйынтыгы тышкы соода, өндүрүш жана тартылган инвестициялар көлөмүндө байкалууда.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБ алкагында биргелешкен ишканаларды түзүү менен катар өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү, кооперацияны күчтөндүрүү үчүн тарапташ катары чыгып жаткандыгы белгиленди.
Ошондой эле Жеңиш Разаков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өндүрүшчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү потенциалына жана органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча өлкөлөр аралык комплексти түзүү мүмкүндүгүнө ээ.
«Кыргызстан экономиканын ар кыл тармактарында, анын ичинде энергетика, текстилдик жана жеңил өнөр жай, металлургия, машина куруу, мунай продуктусун жана курулуш материалдарын өндүрүү сыяктуу артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө багытталган өнөр жай тармагында биргелешип иш алып барууга даяр», - деди Жеңиш Разаков.
Форум алкагында алгачкы ирет көргөзмө уюштурулуп, анда экономиканын ар кыл тармактарындагы ЕАЭБдин экспортко багытталган компаниялары сунушталган.
Экспозициянын жалпы аянты 4 миң чарчы метрден ашык эсептелип, ЕАЭБ өнөр жай жана кооперациялык мүмкүндүгүн 6 негизги тармак: фармацевтика жана медициналык жабдуулар, айыл чарба, зергер тармак, жеңил өнөр жай, инновациялык курулуш материалдарын өндүрүү, өнөр жай үчүн технологиялар (IT кошкондо) тармагы боюнча 100 ашуун компания көрсөткөн.
Төртүнчү «Евразия жумалыгы 2018» эл аралык форуму 2019-жылы Кыргызстанда өтөт.
[su_carousel source="media: 124676,124677,124678" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү