24
Январь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору» экономикалык форумуна катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору» экономикалык форумунун ишине катышты. Өз сөзүндө ал Евразиялык экономикалык биримдиктин ишкер чөйрөсү менен диалог жүргүзүү зарыл экендигин, анкени ал Биримдик интеграциясынын бардык багыттары боюнча бизнестин укугун жана жоопкерчилигин натыйжалуу түшүндүрүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Вице-премьер-министр Биримдиктин ырааттуу өнүгүүсүн, анын дүйнөдөгү аброю жогорулап жаткандыгын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жана интеграциялык бирикмелердин ЕАЭБ менен өз-ара аракеттешүүгө кызыкдарлыгы өсүп жаткандыгын билдирди.
«Вьетнам менен эркин соода жүргүзүү, Кытай менен соода-экономикалык кызматташтык, Иран менен эркин соода аймагы жөнүндө келишимге кол коюлган. Египет, Сербия, Сингапур, Израиль жана Индия өлкөлөрү менен эркин соода жөнүндө келишим түзүү боюнча активдүү иш жүрүүдө», - деди Жеңиш Разаков.
Анын айтымында, аталган келишимдер келечекте Кыргыз Республикасынын аталган мамлекеттер менен соода балансын жакшыртуусу үчүн сапаттуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Вице-премьер-министр бүгүнкү күндө ЕАЭБ төмөнкүдөй милдеттерди: экономиканы модернизациялоо, технологиялык лидерликке жетишүү, тышкы рынокторго экспортту жылдыруу, кошумча нарк глобалдык чынжырчасына кошулуу максаттарын коюп жаткандыгын баса белгиледи.
ЕАЭБ экономикасын санариптештирүүгө жаңы киргизүүлөрдүн бири катары Жеңиш Разаков товарларды маркалоону атады. Ал эскерткендей, 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо жөнүндө Келишим түзүлгөн.
«Документке ылайык, евразиялык «бешилтик» өлкөлөрүндө ЕЭК Кеңешинин чечими боюнча товарларды маркалоо киргизилет. Биримдиктин бардык өлкөлөрү үчүн аңтери буюмдарын бирдиктүү маркалоо киргизилген, ошол эле учурда мүчө-мамлекеттердин өзүндө товарларды маркалоо барган сайын активдүү колдонулууда», - деди Жеңиш Разаков.
Ал белгилегендей, айрыкча ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин башчылары тарабынан коюлган санариптик күн тартибинин жана артыкчылыктарынын алкагындагы демилгелерди ишке ашыруу зарыл.
«Бул беш артыкчылык: санариптик соода, транспорттук коридорлор, өнөр жай кооперациясы, маалыматтарды жүгүртүү жана санариптик долбоорлор үчүн «регулятивдүү аянтча», - деп баса белгиледи вице-премьер-министр.
Жеңиш Разаков кошумчалагандай, ички рынокту толук кандуу коргоо жана тоскоолдуктарды четтетүү боюнча сапаттуу иштер үчүн бизнес-коомчулуктарынын өз убагындагы жооп кайтаруусу зарыл.
«Биримдиктин өлкөлөрүнүн бул амбициялуу максаттарга жетүүсү көбүнесе бизнестен, анын ичинде чакан жана орто ишкерлик субъекттеринен көз каранды. Бул үчүн биз мамлекеттик органдардын, Евразия экономикалык комиссиясынын жана бизнес-коомчулуктун ортосундагы байланыштарды күчтөндүрүүгө тийишпиз», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.
«Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору» экономикалык форумунун ишине Евразия экономикалык комиссиясынын, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
[su_carousel source="media: 128504,128505,128506,128507" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү