06
Октябрь
2018
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: «Карга аке өз заманынын «Эл атасы» наамын алган адам болгон
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: «Карга аке өз заманынын «Эл атасы» наамын алган адам болгон
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 6-октябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 18-кылымдын белгилүү инсандарынын бири болгон Карга Мендегул уулунун (Карга аке) туулгандыгына 300 жыл толгондугуна байланыштуу салтанатка катышты.
Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан куттуктоо сөзүн айтты.
Жеңиш Разаков өмүрү улуу дастанга айланган Карга акенин тарыхтагы орду жана ролу чоң экендигин баса белгиледи.
«Карга аке бир кылымдан ашуун өмүр сүргөн олуя адам болгон. “Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн”, “Атаңдын өзү өлсө да, сөзү өлбөсүн” деген сыяктуу кыргыздын философиялык учкул ойлорунда берилгендей, Карга акенин «Карга бий», «Карга аке» атыгып калышында анын жүрүм-турум парасаты гана эмес, сүйлөгөн сөздөрү да эл ичинде накыл болуп жашап келет», - деди Жеңиш Разаков.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Карга акенин Ысык-Көлдүн касиетин таанып, «Көлдөн калкым айрылбасын» деген улуу тилеги муундардын кулагына алтын сырга болуп тагылды.
«Бүгүнкү күндө анын басып өткөн жолуна татыктуу баа берилиши зарыл. Биз Карга аке сындуу бабаларыбыздын калтырган мурастарын көздүн карегиндей сактап, элибиздин биримдигин жана эркиндигин чыңдообуз керек», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.
Юбилейди белгилөө алкагында Жети-Өгүз районунун Дархан айылында Карга акенин эстелигинин салтанаттуу ачылышы, ошондой эле акын жана музыканттардын катышуусундагы маданий иш-чаралар болуп өттү.
[su_carousel source="media: 124102,124103,124104,124105,124106" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү