29

Май

2018

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөттүн атынан аскер кызматкерлерин Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан куттуктоо сөзүндө Жеңиш Разаков каармандык, мекенчилдик, кайратмандык жана жан аябастык илгертен бери кыргыз жоокерлеринин, айкөл Манастын даңктуу урпактарынын символу болуп келгендигин белгиледи. «Чейрек кылымдын ичинде саны боюнча чакан, мобилдүү, жогорку күжүрмөн эркке ээ болгон Кыргызстандын Улуттук армиясы түзүлдү. Бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөр – бардык кыргызстандыктардын сыймыгы. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү – Ата Мекенди чыныгы жана ишенимдүү коргоочулардын күчү менен мүнөзүн чыңдаган жай болуп калды. Аскерде кызмат өтөөнү азыркы күндө сыймыктуу, ардактуу, кадыр-барктуу кызмат деп билебиз. Мекен үчүн кызмат кылууда каарман эрдиктерди, улуу өрнөктөрдү көрсөткөн ардактуу ардагерлер, Сиздердин өзгөчө жоокердик күжүрмөн кызматыңыздарга жана Ата Мекенге ак ниет кызмат өтөөнү калыптандырууга кошкон үзүрлүү салымыңыздарга баш ийип, таазим этебиз. Мекенди коргоо – ар бир жарандын парзы.  Конституциялык парзын ак ниет аткарып, күндөлүк жоокердик эмгеги үчүн, өздөрүн эң улуу жана асыл ишке – Мекенди коргоого арнаган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык өздүк курамына терең ыраазычылык билдиребиз», - деп билдирди Жеңиш Разаков. Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасында белгиленгендей, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө турмуштук маанилүү багыт катары кала берерин белгиледи. Анын айтымында, Куралдуу Күчтөрдүн кесипкөйлүк деңгээлин чыңдоону жана жабдууну жогорулатуу боюнча пландагы иштер улантылат. «Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү – Мекенге кынтыксыз кызмат кылуунун гаранты жана жогорку үлгүсү болуп келген жана кала берет деп ишенебиз. Баарыңыздарга бекем ден соолук, ишиңиздерге жаратмандык ийгиликтерди жана кутман жерибизде тынчтык болушун каалайбыз», - деди Жеңиш Разаков. Мындан тышкары, вице-премьер-министр өздөрүнүн өмүрүн Куралдуу Күчтөргө арнап, аскердик ишинде артыкчылыктарды көрсөткөн аскер адамдарына өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. [su_carousel source="media: 117582,117583" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү