01

Июнь

2019

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КМШ ӨБК тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин Ашхабад (Түркмөнстан)  шаарында өтүп жаткан тар курамдагы жыйынына катышты.   

«КМШ диалог аянтчасын жана анын институттарын көп пландуу кызматташууну  өнүктүрүү, тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген интеграциялык процесстерди  ырааттуу тереңдетүү үчүн максималдуу натыйжалуу пайдалануу маанилүү. Алсак, соода-экономикалык мүнөздөгү кыйла актуалдуу маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн чараларды көрүү зарыл», - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Ал өз кайрылуусунда Шериктештиктин мейкиндигинде айрыкча талкууланган темалардын бири санариптик интеграция экендигине көңүл бурду.

«Буга байланыштуу «санариптик экономиканы» өнүктүрүүгө багытталган жалпы «санариптик күн тартибин» түзүү жана ишке ашыруу, санариптик соода жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин, маалымат алмашуу жана аны коргоонун бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу кадамдарын көрүү зарыл. Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууга түздөн-түз таасирин тийгизет. Экономикалык интеграция процесстери бул процесстер өтүп жаткан экономикалык платформаларды санариптештирүүдөн көз каранды», - деп баса белгиледи ал.  

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, биздин экономикалардын бардык тармактарында санариптик технологияларды киргизүү туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздап, жарандардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзөт жана анын сапатын жакшыртат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бажылык көзөмөл, инновациялык кызматташуу, изилдөөчүлүк ишмердүүлүк жана өз ара аракеттешүүнүн башка артыкчылыктуу тармактарындагы 9 эл аралык документке кол коюлду.

[su_carousel source="media: 133687,133688,133689,133690,133691,133692,133693" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү