15

Сентябрь

2018

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КМШ Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 14-сентябрда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) тажик тараптын төрагалыгы алдында өткөн КМШ Экономикалык кеңешинин 79-жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар салыктык башкарууну, эркин соода аймагы тууралуу Келишимди ишке ашыруу, КМШ Экономикалык сотунун ишмердиги жана башка маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары тараптар 2017-жылга карата  «Уран казуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ишке ашыруу тууралуу отчет боюнча тиешелүү чечим кабыл алышты.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 2017-жылы Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча өлкөнү рекультивациялоо объекттеринде жумушчу иш-кагаздары иштелип чыгып,  «Кажы-Сай» калдык сактоо жайында иштерди инженердик камсыздоо иш-чаралары башталды,  «Туюк-Суу» калдык сактоо жайына баруучу технологиялык жолдордо текшерүүлөр жүргүзүлдү. Программа КМШ мүчө-мамлекеттеринин колдоосунда ишке ашырылууда, анын экинчи баскычы 2023-жылга чейин эсептелген.

Ошондой эле жыйындын алкагында КМШ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчылары айрым КМШ өлкөлөрүнүн соода-көргөзмө борборлорун, анын ичинде Москва шаарындагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборунда жайгашкан «Кыргызстан» павильонун калыбына келтирүү жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгышты.

[su_carousel source="media: 122551,122546,122547,122548,122549,122550,122552,122553" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 122400,122401,122402,122403,122404,122405,122406,122407,122408" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү