28

Январь

2019

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КР Бузуулар жөнүндө кодексти мындан аркы ишке ашыруу чараларын талкуулоо боюнча тегерек үстөлгө катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бузуулар жөнүндө кодексти мындан аркы ишке ашыруу чараларын талкуулоо боюнча тегерек үстөлдүн ишине катышты.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, өлкөдө жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу өзгөртүүлөр тажрыйбада кеңири колдонула баштады.

«Кылмыш мыйзамдарына бардык жаңы киргизүүлөр укук колдонуучулар тарабынан тажрыйбада колдонулууда, анын алкагында күтүлгөндөй эле кемчилдиктер жана коллизиялар аныкталууда», - деди ал.

Жеңиш Разаков баса белгилегендей, коомдо Бузуулар жөнүндө кодекстин новеллалары кызуу талкууланууда жана бул боюнча түрдүү пикирлер бар.

«Бүгүнкү күнү Бузуулар жөнүндө кодексте бир катар кемчилдиктер аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аларды четтетүү каралган мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ошону менен бирге ал ырастагандай, жаңы мыйзамжын күчүнө кирүүсүнүн алкагындагы ар кыл реформа иш жүзүндө аны ишке ашыруу процесси учурунда толукталып иштелип чыгат.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр белгилегендей, бардык кызыкдар тараптар аныкталган кемчилдиктерди жана коллизияларды четтетүү, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн жалпы күч-аракеттерди жумшоосу керек.

Тегерек стөлдүн жүрүшүндө Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашырууга байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды. Тактап айтканда, төмөндөгүлөр каралды:

- «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда Бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында жол коопсуздугун камсыздоо маселеси («Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

-  бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча мамлекеттик органдардын компетенциясын тактоо («Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору);

- Кыргыз Республикасынын сот өндүрүшүндөгү жана аткаруу бийлик органдарындагы административдик тартип бузуулар жөнүндө ишти кароо маселеси боюнча учурдагы абал.

Тегерек үстөлдүн жыйынтыгы боюнча жогорудагы мыйзам долбоорлорун талкуулоонун жыйынтыгын эске алуу менен аларды толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи окуудагы режиминде каралуусу үчүн мамлекеттик органдарга эки күндүк мөөнөттө сунуштарды жалпылоо үчүн Өкмөткө сунуштоосу рекомендацияланган.

Жеңиш Разаков бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор так жана беренелер боюнча карала турган, жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу алкагындагы мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.

[su_carousel source="media: 128654,128653,128652,128651,128650,128649" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү