05

Октябрь

2018

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө арналган жыйынга катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 5-октябрда, Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө арналган илимий-практикалык конференцияга катышты. Вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары глобалдык жана улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдардын өсүүсү байкалууда жана ал климаттын өзгөрүү таасиринен улам күч алууда. «Тилеккке каршы, өзгөчө кырдаалдар материалдык жоготууларды гана алып келбестен, адам курмандыктарына да алып келүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кырсык тобокелдигин кыскартуу боюнча иш-чаралар жыйындысын өткөрүүсүз өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө мүмкүн эместигин түшүнүү менен кырсыктарды кескин кыскартуу, анын учурунда адам курмандыктарын жана экономикалык жоготууларды азайтуу үчүн зарыл комплекстүү чараларды кабыл алууда», - деп белгиледи Жеңиш Разаков. Вице-премьер-министр белгилегендей, глобалдык стратегиялык документтерге ылайык, 2018-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоого алуу концепциясы кабыл алынган. Мындан тышкары, анын айтымында, 2017-жылдын 5-октябры Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнү катары жарыяланган жана ал жыл сайын майрамдалат, жарандык коргонуу боюнча ченемдик-укуктук база өркүндөтүлүп, кырсыктын алдын алууга басым жасалып, мониторинг, болжолдоо жана эртелеп маалымдоо маселесине көңүл бурулууда. «Белгилеп кетсек, бүгүнкү илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылып жаткан кырсык тобокелдиктерин кыскартуу боюнча иш-чаралар комплекси менен биргеликте кырсык тобокелдиктерин кыскартуу жаатындагы жаңы жолдорду издөө жана тажрыйба алмашуудагы бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттеринин мисалы болуп саналат», - деп кошумчалады Жеңиш Разаков.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү