24

Май

2019

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КЖБР электрондук маалымат базасына жабдууларды тапшыруу салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» электрондук маалымат базасы менен иштөө үчүн 150 комплект компьютердик жабдууларды тапшыруу салтанатына катышты.

Пландалгандай ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосунда алынган жабдуулар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин КЖБР электрондук маалымат базасы менен иштөө боюнча техникалык инфратүзүмүн жогорулатат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, берилген жабдууларды республика боюнча ички иштер органдарына бөлүштүрүү пландалууда.

«ЕККУ соттук реформаны жүргүзүүдө, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу, техникалык жана эксперттик көмөк берүү боюнча чоң колдоо көрсөтүүдө. ЕККУ Программалык кеңсесинин жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага салмактуу салымы бар» - деди ал.

ЕККУ Программалык кеңсесинин башчысы элчи Пьер фон Аркс баса белгилегендей, ЕККУ жабдууларды аймактарга жеткирүүгө көмөктөшөт.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан бери «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке берилет, ага Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдары кошулат.

Бул реестр жаңы кылмыш жана жазык-процессуалдык мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу киргизилген.

 [su_carousel source="media: 133309,133310,133311,133312,133313,133314,133315,133316" limit="23" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү