29

Декабрь

2018

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу жана мыйзамсыз миграцияны жөнгө салуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын жөнгө салуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири атамекендик экономиканын ар кыл тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу болуп саналат.

«Бардык тартылган мамлекеттик органдар бул багытта болушунча күчтөрүн жумшоого тийиш, себеби бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жер-жерлерде өндүрүштү өстүрүүгө шарт түзөт», - деди Жеңиш Разаков.

Ошону менен бирге ал белгилегендей, коомчулукка жайылтылган көбүнесе такталбаган жана жалган маалыматтар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизет. Ошондой эле Жеңиш Разаковдун айтымында, чет элдик инвестициялардын үлүшү бар экономикалык багыттагы объекттердин ишмердигине тоскоолдук кылган айрым учурлар бар.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү калк арасында тийиштүү иштерди жүргүзүп, аларга инвесторлордун ишине тоскоол болбоо зарылдыгын жана тигил же бул долбоорлорду мамлекетибиз үчүн ишке ашыруунун экономикалык маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө тийиш. Ошондой эле өлкөнүн аброюна терс таасир эткен коомчулукка такталбаган маалыматтарды жайылтууну жоюу боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү кажет», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, кээде айрым жарандардын топторунун ишмердиги дагы өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна жана стратегиялык мамлекеттик-өнөктөштөр менен эки жактуу алакаларга терс таасирин тийгизет.

«Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым бир маселелер тек гана дипломатиялык жол менен чечилиши шарт», - деди Жеңиш Разаков.

Чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясы тууралуу маселеге байланыштуу вице-премьер-министр белгилегендей, бул маселе мамлекеттик тармактык органдар тарабынан тартипке келтирилип жана өзгөчө көзөмөлгө алынууга тийиш.

«Ыйгарым укуктуу министрликтер жана ведомстволор өлкө аймагына кирген чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясы маселесине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Бул багыттагы иштер күчөтүлүшү керек», - деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга талкууланган маселелер боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

[su_carousel source="media: 127754,127755,127756,127757,127758" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү