25
Май
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мыйзамсыз соода жана контрафакт маселелерин талкуулоого катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Жаштар контрафактка каршы. Мыйзамсыз соода жана ага байланыштуу көрүнүштөргө карата мамиле» темасындагы эксперттер жыйынына катышты.
Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Казакстан Республикасынын соттор кеңешинин, Евразиялык экономикалык союзунун сотунун, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык корпусунун өкүлдөрү катышышты.
Жыйында “Жаштар бренди. Беларусь жаштарынын контрафакттык продукцияга жана мыйзамсыз соодага болгон мамилеси” деп аталган республикалык социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары каралды.
Мындан сырткары котрафакттын коркунучу, белгилүү брендтердин жасалмалуулугу, интеллектуалдык менчиктин укуктук корголуусу, сапатсыз медициналык жасалгалоолордун жана препараттардын ден соолукка болгон коркунучу деген маселелер көтөрүлдү.
Отурумдун соңунда катышуучулар Евразия экономикалык союзунун мүчө өлкөлөрүнүн тийиштүү мамлекеттик органдарына жана коомдук түзүмдөрүнө төмөндөгү иштерди улантуу керек деген чечим менен кайрылышты:
- продукцияларды жана кызматтарды стандартизациялап, техникалык талаптарды иштеп чыгып жана аларды иш жүзүнө ашыруу;
- продукциянын сапатын текшерүү боюнча жеке кайрылууларды тийиштүү мамалекеттик органдар менен биргеликте мониторинг жүргүзүп, аларды массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу элге жайылтуу;
- интеллектуалдык менчикти коргоодо анын принциптеринин бузулушун жана анын себептерин аныктоо боюнча болочок эксперттерди даярдоо үчүн даректүү окутуу мекемелерин түзүү;
- ЕАЭБ мамлекеттеринде улуттук брендтерди алдыга чыгаруу боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн биргеликте социологиялык изилдөөлөрдү уюштуруп, анын негизинде өндүрүшчүлөрдүн жана белгилүү брендтердин продукцияларынын жана товарларынын популярдуулугун аныктоо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү