06

Февраль

2019

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков РФ эксперттик тобу менен аскердик-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Россия Федерациясынын эксперттик тобунун мүчөлөрү менен аскердик-өнөр жай комплекси жана коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк ишканалары маселеси боюнча жолугушту. Аталган топ Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын макулдашуусу боюнча түзүлгөн жана өлкөгө эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө үчүн келген. Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасы аталган маселе боюнча өз-ара аракеттешүүдөгү практикалык жыйынтыктарга жетишүүгө чоң маани берерин баса белгиледи. Ал баса белгилегендей, кыргыз тарап Россия Федерациясы жана башка ЖККУга мүчө-мамлекеттер менен, анын ичинде Мамлекеттик коргонуу жаатындагы буйрутманы камсыздоонун алкагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө республиканын коргонуу-өнөр жай  комплексинин ишканаларын кыйла активдүү тартууну сунуштайт. Жолугушуунун жүрүшүндө атамекендик коргонуу-өнөр жай комплекс ишканаларынын учурдагы абалы, келечеги жана мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат берилди, ошондой эле бул багытта кызматташуу боюнча мүмкүндүктөр талкууланды. Россия тараптын өкүлдөрү дагы коргонуу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү боюнча тыгыз аракеттешүүгө даярдыгын билдирди. Россия Федерациясынын эксперттик тобунун сапарынын алкагында ведомстволор аралык деңгээлде бир катар жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр пландаштырылууда, алардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-россия аскердик-экономикалык кызматташуусун келечектүү өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыгат. [su_carousel source="media: 128992,128995,128996" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү