18
Октябрь
2018
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы менен кызматташтыктын актуалдуу темаларын талкуулады
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Багдад Амреевди Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады жана анын адискөйлүгү, ошондой эле иш тажрыйбасы Уюм ишмердүүлүгүн активдештирүүгө көмөк берээрине ишеним билдирди.
Жеңиш Разаков белгилегендей, 2018-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин мамлекет башчыларынын Алтынчы саммити көрсөткөндөй, күч ала баштаган Түрк кеңеши Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине мүчө-мамлекеттер ортосундагы өз-ара мамилелерди чыңдоодо бекем жана туруктуу негизди түзүп берүүдө.
Вице-премьер-министр белгилегендей, алтынчы Саммиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин мүчө-мамлекеттерин экономиканы диверсификациялоо, транспорттук коридорлор, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерине көңүл бурууга чакырды.
Жеңиш Разаков Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин алкагында бардык багыттарда натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдарлык билдирди жана Уюмдун Катчылыгына анын ишмердигиндеги ийгиликтерди каалады.
Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев Уюмдун баштапкы, артыкчылыктуу жана жакынкы пландары тууралуу айтып берди. Ал баса белгилегендей, түрк тилдүү өлкөлөрдү интеграциялоону ар түрдүү багыттарда тереңдетүү боюнча активдүү иштер улантылат.
Өз кезегинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өлкө Өкмөтү Уюмдун Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин алкагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган демилгелерин колдоого даярдыгына ишендирди.
[su_carousel source="media: 124476,124477,124478,124479" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү