08
Ноябрь
2018
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө алкагындагы майрамдык иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Манас-Ордо» улуттук комплексинде улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө алкагында өткөн майрамдык иш-чарага катышты.
Жеңиш Разаков Талас облусунун тургундарына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан жылуу куттуктоо сөзүн билдирди.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Чыңгыз Айтматовдун мурасы – бул жалпы адамзат үчүн руханий улуу азык.
«Ал өз чыгармаларында адамзаттын тарыхый эс-акылын терең талдоого алган. Жашоонун ар бир күнүн татыктуу өткөрүүдө “адам уулу канткенде адам болот” деген татаал жана түбөлүктүү ойлорду казган», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.
Вице-премьер-министр улуу жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө алкагында дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.
«Атап айтканда, Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялады, Санкт-Петербургда Айтматов атындагы эс алуу багы ачылды, Ч.Айтматовдун аты Ташкент жана Астана шаарларында чоң көчөлөрдүн бирине ыйгарылды. Мындан тышкары, Москвада Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду, ал эми Европада, Азияда жана Америкада бир катар салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, Айтматовго дүйнө коомчулугу терең урмат-сыйын көрсөтүп жатат», - деди Жеңиш Разаков.
Ошондой эле вице-премьер-министр Талас облусунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө алкагында улуу жазуучунун эстелигине гүлчамбар койду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү