08
Май
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусунда жашаган 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды.
Жеңиш Разаков Афанасия Щербовага (1925-жылы туулган), Николай Золинге (1924-жылы туулган), Далгатбек Султановго (1923-жылы туулган), Владимир Некрытовго (1924-жылы туулган) жана Шаабай Шатмановго (1921-жылы туулган) учурап келди.
Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдирди жана алардын баатырдыгы жана эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү экендигин өзгөчө белгиледи.
Жеңиш Разаков согуштун катышуучуларына бекем ден соолук, узак өмүр каалады, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык-турмуштук маселелерди чечүүгө зарыл болгон аракеттешүүлөр туруктуу негизде көрсөтүлөрүн баса айтты.
Мындан тышкары вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык жардам жана эстелик белектерди тапшырды.
[su_carousel source="media: 132682,132683,132684,132685" limit="23" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"[/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү