08

Ноябрь

2018

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусунун укук коргоо органдарынын ККЭК жана КЖБР киргизүүгө даярдыгын текшерди

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында ички иштер органдарынын жана финансы полициясынын Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүгө даярдыгын текшерди. Атап айтканда, Жеңиш Разаков Талас облустук ИИБ, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Талас облусу боюнча ЭККМК башкармалыгынын, ошондой эле Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөдү. Аймактык түзүмдөрдү кыдыруунун жүрүшүндө Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат угулду. Вице-премьер-министр Талас облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери менен Кылмыштарды каттоонун электрондук китебинин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин программалык камсыздоосун киргизүүгө, укук коргоо органдарын зарыл жабдуулар менен камсыздоого, корголгон байланыш каналдарын уюштуруу, ошондой эле адистерди даярдоо жана окутууга байланыштуу маселелерди талкуулады. Мындан тышкары, Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин жаңы ченемдерин жана жоболорун өздөштүрүүсүн аныктоо максатында жеке маектешти. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусунун укук коргоо органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү  боюнча даярдоо чараларын өз убагында ишке ашырууну камсыздоону жана жеке курам арасында киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү билүүсү иретинде окуу иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды. Буга катар укук коргоо органдарынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүндө корголгон байланыш каналдарынын, ошондой эле локалдык түйүндөрдүн болушун текшерүү тапшырылды. [su_carousel source="media: 125543,125544,125545,125546" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]    

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү