16
Январь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын негизги максаты – укук коргоо органдарынын ишмердигиндеги ачыктыкты бекемдөө жана мыйзамдарды гумандаштыруу
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков маалымат жыйындын жүрүшүндө 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын негизги ченемдери тууралуу айтып берди.
Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, бул кодекстер жана мыйзамдар (Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жоруктар жөнүндө кодекс, «Пробация жөнүндө» Мыйзам) өлкөдөгү соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган.
«Эксперттик жумушчу топтор түзүлүп, натыйжада жаңы кодекстер жана мыйзамдар иштелип чыккан. Алардын негизги максаты – укук коргоо органдарынын ишмердигиндеги ачыктыкты бекемдөө, мыйзамдарды гумандаштыруу жана аларды эл аралык стандарттарга дал келтирүү болуп саналат», - деди Жеңиш Разаков.
Анын айтымында, Өкмөт тарабынан жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, 2018-жылдын 28-апрелинде жаңыланган Кылмыш багыты боюнча иш-чаралар планы бекитилген, ага ылайык, даярдоо иш-чараларынын топтому каралган, анын ичинде төмөнкү маселелер козголгон:
- ченемдик укуктук базаны даярдоо;
- пробация кызматын түзүү;
- Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана Жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү;
- Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашыруу жана башка маселелер.
Жеңиш Разаков кошумчалагандай, жалпысынан Планда ЧУА иштеп чыгуу боюнча 46 жана 31 практикалык иш-чара каралган.
«Өкмөт тарабынан бул План дээрлик толук ишке ашырылды. Белгилей кетсем, бул иштер укук коргоо түзүмдөрүнүн жөнгө салынган иши аркылуу кыска мөөнөттө аткарылган», - деп белгиледи ал.
Ошондой эле вице-премьер-министр маалымдагандай, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин (КЖБР) алкагында алты мамлекеттик орган (Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, ЭККМК, МЖАК, МБК) иштейт.
«Биздин негизги милдет КЖБР менен иштөө үчүн укук коргоо органдарына тийиштүү шарттарды түзүү болуп саналат. Бардык акча каражаттары өз убагында бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү бардык райондук ички иштер бөлүмдөрү корголгон байланыш каналдары, интернет жана ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон уюштуруу техникасы жана инфраструктура менен камсыздалган», - деди Жеңиш Разаков.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокутурасы, ал эми Бузуулардын бирдиктүү реестри (ББР) боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныкталган. Мындан тышкары, ал кошумчалагандай, өлкөдө соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жети жылга эсептелген.
[su_carousel source="media: 127917,127918,127919,127920,127921" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү