14
Декабрь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун башкы максаты 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын бир катар маанилүү иш-чараларын биргелешип өткөрүүгө кыргыз диаспоралык бирикмелеринин катышуусун талкуулоо болду.
Жеңиш Разаков чогулгандарга бул иш-чараларды өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди. Анда кыргыз диаспораларынын дарамети кеңири колдонулмакчы.
Жолугушууда белгиленгендей, мындан тышкары Иш-чаралардын планына Бишкек жана Ош шаарларында Миграцияга чейинки даярдоо борборлорунун ачылышы, Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн кеңири белгилөө, ар кыл маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү киргизилген.
Жеңиш Разаков жолугушуунун катышуучуларын өлкөдөгү ички саясий кырдаал, Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү, бардык кызыктырган суроолорго жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.
Диаспора мүчөлөрү тарабынан жүк-200 тариздөө үчүн компенсация берүү процедураларын оптималдаштыруу, темир жол унааларына бааны арзандатууга көмөк көрсөтүү, Москва жана Сочи шаарларында Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүгүн ачуу, Кыргыз Республикасында ипотекалык кредиттөө программаларына мигранттардын мүмкүндүк алуусун жеңилдетүү боюнча каалоолору айтылып, алар кароо жана изилдөө үчүн кабыл алынды.