03

Декабрь

2019

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков МАГАТЭ башчысы Рафаэль Мариано Гросси менен техникалык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Австрия Республикасына иш сапарынын алкагында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башкы конференциясынын экинчи атайын жыйынына катышты. 


Атайын сессиянын башкы максаты Аргентинанын жаранын МАГАТЭнин башкы директору кызматына дайындоо болуп саналат.


Муну менен бирге атайын сессия учурунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана МАГАТЭ башчысы Рафаэль Мариано Гросси эки жактуу жолугушуу өткөрүп, анда техникалык кызматташууну чыңдоо боюнча келечектүү кадамдар талкууланды. 


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн агенттик маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири катары, мамлекет алакаларды мындан аркы жакындаштырууга өзгөчө маани берет. 


Ал өлкөгө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, техникалык иштешүү радиациялык жана ядролук коопсуздукту бекемдөө, республика калкына ядролук медицина чөйрөсүндө көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана уран калдыктарынын маселелерин чечүү үчүн кызмат өтөй турганын белгилеп, бул мамлекеттин артыкчылыктуу тапшырмаларынын бири экенин айтты. 


Өз кезегинде МАГАТЭ башкы директору Рафаэль Мариано Гросси биздин өлкөнүн онкологиялык ооруларга каршы күрөшүн колдоого даярдыгын билдирип, агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өзүнүн мандатынын алкагында кызматташууну улантарын белгиледи.


Тараптар жолугушуунун соңунда өз ара иштешүү дараметин ишке ашыруу МАГАТЭ жана Кыргыз Республикасынын ортосунда кызматташтыкты жана таасирдүү өнөктөштүктү келечектүү бекемдөө үчүн кызмат өтөй турганына ишеним билдиришти.