03
Декабрь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков БУУ баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Австрия Республикасына иш сапарынын алкагында Венада Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушту.
Жеңиш Разаков баңгитрафикке каршы күрөшүү, транс чек аралык кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн чек араларды натыйжалуу башкаруу, соттук-укуктук реформа, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, акча кымырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү, баңгизатынан көз карандылыктын жана АИВ/ИЖКС инфекцияларынын алдын алуу жана дарылоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздабастан, анын ичинде ички жана тышкы коркунучтардан, ошондой эле заманбап чакырыктардан коргоосуз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эмес экендигин белгилешти.
Вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Бишкекте өткөрүлгөн баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитеттин жыйыны үзүрлүү өткөрүлгөнүн маалымдады. Анын жүрүшүндө баңгитрафик жолдорун текшерүү зарылдыгы талкууланган.
БУУ баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов белгилегендей, Кыргызстанда чет өлкөлүк өнөктөштөр аркылуу ишке ашырылган долбоорлор ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат. Анын ичинде БУУ БКБ үчүн башкы критерий мүчө мамлекеттер менен тажрыйбалык планда иштешүү болуп саналат. Ал Кыргызстан менен өнөктөштүк БУУ БКБ үчүн артыкчылыктуу багыт экендигине көңүл бурдурду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө мындан ары карай даярдык билдиришти.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү