30

Январь

2021

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. 

Жолугушуу алкагында тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин жыйындысын талкуулады.

Тактап айтканда, Эльвира Сурабалдиева жана Николай Удовиченко калкты COVID-19дан вакцинациялоо, кыргыз студенттеринин Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында билим алуусу жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча пикир алмашты.

Вице-премьер-министрдин м.а. россиялык тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык көмөгү жана финансылык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.