22
Октябрь
Вице-премьер-министрлер А.Маматалиев жана В.Диль өз биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө биометрикалык маалыматтарды топтоо иши болуп өттү.
Өз биометрикалык маалыматтарын вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев жана Валерий Диль, Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев жана анын орун басарлары тапшырды.
А.Маматалиев өз биометрикалык маалыматтарын тапшырган соң, биометрикалык маалыматтар базасын түзүү коомдук коопсуздукту жогорулатууга мүмкүндүк берээрин билдирди. «Ошондой эле биометрикадагы маанилүү нерсе – жарандар тизмесинде тактык камсыздалат», — деди ал.
Өз кезегинде В.Диль белгилегендей, биометрикалык маалыматтар базасын түзүү шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүгө шарт түзөт.
Н.Момуналиевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды топтоо – бул замандын талабы.
“Биометрикалык базанын болуусу жарандардын өздөрү үчүн мамлекеттик тейлөө алууга карата ыңгайлуулук жаратат. Анткени мамлекеттик тейлөөлөр жаңы технологиялардын ишке киргизилиши менен жакшыртылып турат. Мындан тышкары, биометрикалык маалымат базасы – Электрондук өкмөт түзүүдөгү негизги талаптардын бири», — деди ал.
Өкмөт үйүндө өз биометрикалык маалыматтарын Өкмөт Аппаратынын кызматкерлери менен катар Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын кызматкерлери да тапшырууда.
[su_carousel source="media: 44171,44172,44173,44174,44175,44176" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү