27
Январь
2015
Электрондук аянтчалардын киргизилиши тендерлерди өткөрүүнүн ачыктыгына жетишүүгө шарт түзөт
Бүгүн, 27-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Анитимонополдук жөнгө салуу мамлекетик агенттигинин директору Болсунбек Казаковду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Электрондук аянтчалар тутумун киргизүү боюнча бетачар өткөрүлдү. Анын алкагында сапаттуу жаңы технологияларга өтүү, “кагаз жүзүндөгү” тендерлерди электрондук аукционго алмаштыруу сунушталды. Мында кызматтык адамдар тарабынан аукцион жарыяланып, техникалык параметрлер иштелип чыгат, алгачкы бааланган наркы эсептелип, андан соң, документтер электрондук аянтчага өткөрүлөт.
Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, мамлекеттик органдар жана алар менен биригишкен түзүмдөр сатып алууга болжол менен 20 млрд сом сарптайт. Алсак, Россияда 5 жыл ичинде электрондук аянтчалар киргизилген соң, бюджеттин жалпы үнөмдөлүүсү 1 трлн 68 млрд рублди (болжол менен 18%) түзгөн”, - деп белгиледи агенттик өкүлдөрү.
Ведомство кызматкерлеринин айтымында, Электрондук аянтчалардын киргизилиши адамдык фактордун катышуусун жоюп салуу менен тендерлердин ачык-айкын өткөрүлүшүнө шарт түзөт. Учурда тажрыйбаланып жаткан “кагаз тендер” өткөрүү тутумунда баштатан эле адам факторуна байланышкан коррупциялык тобокелдиктер жана мүмкүндүктөр орун алган. Тактап айтканда, коррупциялык схемалар тендердик арыздарды ачуу баскычынан тарта расмий ачууга дейре ишке ашырылышы мүмкүн, жеке кызыкчылыкты жактоо максатында тендерди алып таштоо, ошондой эле катышуучулар ортосунда лотторду бөлүштүрүү мүмкүндүгү бар.
“Биз тендерлерди жана мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө адамдык фактордон баш тартуубуз керек. Тендерлерди өткөрүүдө коррупциянын келип чыгуу себебин жоюу боюнча натыйжалуу жана ийкемдүү чаралардын бири катары санариптик технологияларга өтүү жана мамлекеттик сатып алууларды киргизүү болуп саналат», — деп белгиледи Валерий Диль.
Бетачарды талкуулоо жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль иштиктүү топту түзүүнү жана Электрондук аянтча тутумун киргизүү боюнча иш-аракет планын иштеп чыгууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү